Факультеттин тарыхы
Архитектура жана курулуш факультети Ош технологиялык университетинин негиздөөчү факультети, башкача айтканда башаты болуп эсептелет.
Инженер-куруучуларды, механиктерди жана электриктерди даярдоо максатында 1963-жылы Ош шаарында Фрунзе политехникалык институтунун кечки окутуу формасындагы жалпы техникалык факультети ачылган.
1976-жылы жалпы техникалык факультет Ош кечки факультети болуп өзгөргөн.
1979-жылы окутуунун кечки формасындагы биринчи инженер-куруучу бүтүрүүчүлөр бүтүрүп чыгышкан.
1988-жылы Ош кечки факультети Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу факультети болуп өзгөртүлгөн.
1990-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу факультети өз алдынча жогорку окуу жай катары Ош жогорку технологиялык колледжи болуп түзүлгөн.
«Өнөр жай жана атуулдук курулуш» адистигинин күндүзгү окуу бөлүмүнө 1988-жылы, ал эми 1991-жылы сырткы окуу бөлүмүнө биринчи студенттер кабыл алынган.
Курулуш, транспорт жана энергетика багытындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында 1991-жылы Инженердик факультети ачылган.
1996-жылы «Курулуш» багытындагы адистиктерди даярдоо максатында Инженердик-курулуш факультети болуп түзүлгөн.
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн эки баскычтуу системасына өткөндүгүнө байланыштуу факультетте “Курулуш” жана “Архитектура” багыты боюнча адистерди даярдоо максатында 2016-жылдын 29-мартында факультеттин аталышы “Архитектура жана курулуш” факультети болуп өзгөртүлгөн
1979-жылдан баштап факультет 5 миңден ашуун жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыгарды. Бүгүнкү күндө алар Кыргызстанда, ошондой эле, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө эл чарбачылыгынын ар кайсы тармактарында үзүрлүү эмгектенишүүдө.
Факультеттин негизги максаттарынын (миссиясы) бири болуп профессордук-окутуучулук курамга жана студенттерге жакшы шарттарды түзүү менен бирге жогорку билим берүүнүн эң жакшы традицияларынын классикалык системасын сактоо жана билим берүүнүн эл аралык стандарттарына жооп берүүчү жогорку сапаттагы адистерди даярдоо болуп эсептелет.
Факультеттин ишмердүүлүгү
Архитектура жана курулуш факультети башка жогорку окуу жайлар менен илимий жана окуу-методикалык жактан тыгыз байланышта. Мисалы: Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз-Орус Славян университети, Москва инженердик-курулуш институту, Фергана политехникалык институту, Томск архитектуралык-курулуш университети, Кузбасс мамлекеттик техникалык университети жана башкалар.
Азыркы учурда Ош технологиялык университетинин архитектура жана курулуш факультети Кыргызстандын түштүгүндө жогорку квалификациялуу куруучуларды, архитекторлорду, долбоорлоочуларды жана жолчуларды даярдоо боюнча жалгыз факультет болуп саналат.
Факультетте билим алып жатышкан студенттердин билимин өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында регионалдык мекеме-ишканалар менен өз ара тыгыз байланышып келишимдер түзүлгөн. Алар: Түштүк стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология курулуш борбору, Ош облустук жана шаардык, архитектура жана курулуш башкармалыгы, шаар курулуш, Ошгипрострой, Ошгосархстройнадзор, Асфальт заводу, Ош шаардык жол-эксплуатациялык башкармалыгы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы жана башка жоопкерчилиги чектелген мекеме-ишканалар.
Жогоруда аталган ишканалардын жана мекемелердин өндүрүштүк базалары эки тараптуу түзүлгөн келишимдердин негизинде студенттер үчүн практикалык, лабораториялык сабактарды, окуу-өндүрүштүк практикаларды өткөрүүдө пайдаланылат.
Факультет бүгүнкү күндө
Факультеттин курамындагы 4 кафедрада 48 профессордук-окутуучу курам жана окуу-көмөкчү кызматкерлер эмгектенишет.
«Курулуш өндүрүшү» кафедрасы – (1976-ж)
«Колдонмо механика» кафедрасы – (1984-ж).
«Автоунаа жолдору жана аэродромдор» кафедрасы –(1998-ж).
«Архитектура, дизайн жана графика» кафедрасы –(2001-ж).
Профессордук-окутуучулук курамдын арасында илимдин докторлору, профессорлор, илимдин кандидаттары, доценттер, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкерлер, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары, КРнын билим берүүсүнүн отличниктери, СССРдин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын архитекторлор жана сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү эмгектенишет.
Азыркы күндө факультетте төмөнкү багыттар боюнча жогорку квалификациялуу адистер жана магистрлер даярдалып жатат:
750100 “Архитектура” багыты
750200 “Архитектуралык чөйрөнүн дизайны” багыты
750500 “Курулуш” багыты
Профилдер:
- Өнөр жай жана атуулдук курулуш;
- Имараттарды долбоорлоо;
- Автоунаа жолдору жана аэродромдор
Факультетте жалпысы болуп 1263 студент, алардын ичинен 368 студент күндүзгү, ал эми 895 студент сырткы окуу бөлүмдөрүндө, магистратурада 32 магистрант билим алып жатышат.
Терен жана сапаттуу билим алуу үчүн студенттерге жана магистрлерге керектүү болгон бардык шарттар түзүлгөн (сүрөт чийүү, долбоор жасоо үчүн атайын кабинеттер, заманбап лабораториялар, компьютердик класстар, мастерскойлор ж.б.).
Бүгүнкү күндө Архитектура жана курулуш факультети Кыргызстандын түштүгүндөгү “Курулуш” жана “Архитектура” багыты боюнча жогорку квалификациялуу инженерлерди жана архитекторлорду даярдаган жалгыз факультет болуп саналат.
Деканаттын курамы
Джусуев Уметали Султанович
Кызмат орду: факультеттин деканы
Илимий даражасы: техника илимдеринин кандидаты, доцент
Адистиги: Инженер-куруучу Стажы: 35
Илимий иштери: 30дан ашык илимий макалалары жана 7 окуу-усулдук эмгектери жарык көргөн
Байланыш каражаттары: +996 (554) 137707 w/a
E—mail: Umetali67@mail.ru
Абдуллаев Уланбек Душабаевич
Билими: Жогорку, Өнөр жай жана атуулдук курулуш, инженер-куруучу 2011 жыл.
Кызмат орду: декандын окуу иштери боюнча орун басары
Төмөнкү дисциплиналардан сабак берет: Архитектура, СЗиС.
Байланыш каражаттары:
+996 (772) 672226 w/a
Email: ulan-123@inbox.ru
Илимий иштери: 20дан ашык илимий макалалар.
Раимжанова Диана Суюнбековна
Билими: Жогорку, М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети, 2015ж.
Адистиги: Имараттарды долбоорлоо.
Кызматы: декандын окуу иштери боюнча орун басары.
Төмөнкү дисциплиналардан сабак берет: “Архитектуранын тарыхы”, “Архитектуралык долбоорлоо”.
Эмгек стажы: 9 жыл.
Байланыш каражаттары:
+996 (554) 076052 w/a, telegram
e-mail: raimjanova.diana@mail.ru
Мамадалиев Мирлан Аскаралиевич
Билими: Жогорку, М.М. Адышева тындагы Ош технологиялыкуниверситети, 2013ж.
Адистиги: Архитектуралык чөйрөнүн дизайны.
Кызматы: декандын тарбия иштери боюнча орун басары
Эмгек стажы: 10 жыл.
Илимий жумуштары: Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун мучөсу.
Архитектура жана долбоорлоо жаатындагы жумуштары: Бир нече эл аралык конкурстардын женүүчүсү, Ош жана Жалал-Абад шаарларына курулган ондогон турак-жайлардын долбоорунун автору.
Байланыш каражаттары: +996 (557) 094 494 w/a, telegram
e-mail: mirlanbek0511@mail.ru
Каримжанова Гульнара Хамидовна
Билими: Технолог
Кызматы: күндүзгү окуу бөлүмүнүн методистти
Эмгек стажы: жалпы 16 жыл
Байланыш каражаттары: +996 (557471968) w/a, telegram
Иманалиева Венера Артыкбаевна
Билими: Биолог
Кызматы: сырткы окуу бөлүмүнүн методистти
Эмгек стажы: жалпы 22 жыл
Байланыш каражаттары: тел. р. 03222 4-35-59.