Ирматова Жылдыз Камиловна
т.и.к., доцент
Кафедра башчысы
Email: julduz75@mail.ru
Дареги: 723503, Кыргызстан, Ош шаары, Исанов көчөсү- 81, корпус 2, кабинет 2/100
Кафедранын курамы:
Ирматова Жылдыз Камиловна т.и.к., доцент
70 тен ашуун илимий макала, Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга 1 патенти, Россия Федерациясынын 4 патенти, 3 окуу-методикалык эмгек, 1- монографиянын ээси. 2020 – жылдан Кубан мамлекеттик техникалык университеттин (КубГТУ) докторанты.
Телефон: (+996 3222) 4 3883, WhatsApp: (+ 996) 553457368, Telegram: (+996) 773457368
Танаков Н. Т. – проф а-ч.и.д., ИжИ боюнча проректору,
телефон: + 996 779 582 700
Исраилова Г. С. – ага окутуучу, б.и.к., ИБ башчысы
телефон: + 996 555 801 489, Email: Imranbar77@rambler.ru
Карымшакова М. У. – ОшТУнун доценти
телефон: + 996 556 275 324., Email: m.karymshakova@inbox.ru
Жантураева Б. Т. – магистр, ага окутуучу
телефон: + 996 775 080 167., Email: barno.kg0867@gmail.ru
Саипова А.Ш. – окутуучу
телефон: + 996 777 172 200, Email: Saipova.79@mail.ru
Зулпукарова Н. А. – магистр, лаборант
телефон: + 996 777 674 981, Email: zulpukarova.1965@gmail.ru
Арзиева С.К. – инженер
телефон: + 996 777 857 444., Email:juju85.85@mail.ru
Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасы боюнча маалымат
ОшТУнун ректорунун № 09-04/305, 03.12.2018-жылы чыккан буйругу менен Кыргыз Республикасынын түштүк региондорундагы тамак-аш жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүчү өндүрүштөрдүн жогорку квалификациялуу адистер менен камсыздоо максатында “Тамак-аш технологиясы” кафедрасынын базасында кайра түзүлгөн жана Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы (ААКИТ) кафедрасы аталышында бекитилген.
Адистиктин баалуулугу
Айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүчү өндүрүш тармагы Кыргыз Республикасынын Агро өнөр жай комплексинин приоритеттүү багыттарынын бири.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өндуруш тармагын өнүктүрүү өнүгүү багыты калкты сапаттуу тамак аш менен камсыздай турган туруктуу өрдүрүштү уюштурууну жана калктын жагымдуу жашоосун камсыз кылуу болуп саналат.
Жаңы рыноктун шарттарында Кыргыз Республикасында экономиканын натыйжалуу иштешинин механизми катары кайра иштетүү өнөр жайын өркүндөтүү жана кайра иштетүү технологияларын жөнгө салууда иш каналарды жогорку маалыматтуу адистер менен камсыздоо өзгөчө мааниге ээ.
Ош технологиялык унивеситетинин Айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасы кайра иштеттүүчү иш каналарды жогорку квалификациялуу адистер менен камсыздоо жана университеттин материалдык – техникалык базасын жогорулатуу масатында ректордун буйругу менен 2007-жылдан баштап 610600 “Айыл чарба азыктарын өндүрүүнүн жана кайра иштеттүүнүн технологиясы багытында адистерди даярдай баштайт.
Бүгүнкү күрдө Айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасы адистикке даярдоону күндүзгү жана сырттан окуу формасында жана көп баскычтуу системада – бакалавр, магитратура квалификациялык деңгээлде жүргүзүлөт. 2023-2024 – окуу жылында күндүзгү бөлүмдө – 60студент, сырттан окуу бөлүмүдө -12студент, магистратурада – 21 магистрант адистик боюнча билим алууда.
Кафедра акыркы жылдары Эл аралык GIZ долбоору менен тыгыз иштөө менен анын алкагында кафедранын базасы заман бап жабдуудар менен толукталып, окутуунун сапаты күндөн күнгө жакшырууда.
Кафедра адистерди даярдоо күндүзгү жана дистанттык окуу формасында жана көп баскычтуу системада – бакалавр, магистратура квалификация денгээлинде жүргүзүлөт.
“Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы” кафедрасы окутууну Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензиянын негизинде окутууну үч багытта алистерди даярдайт:
610600 “Айыл-чарба азыктарын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы” – “Бакалавр” – 19.11.2020-ж. Буйрук ”Билим берүү жана илим министрлиги” № 3/20/09. VU 200000581 №2-тиркемесинде берилген.
740100 “Өсүмдүктөрдөн келип алынган тамак-аш азыктарынын технологиясы жана аларды өндүрүү” – “Бакалавр” – 15.07.2021-ж. ”Билим берүү жана илим министрлиги” буйрук №1237/1 протоколдун чечими.
720200 “Биотехнология” – “Бакалавр” – 19.07.2022-ж. ”Билим берүү жана илим министрлиги” №1458/1 буйругу №14-7 протоколдун чечими.
610600 “Айыл-чарба азыктарын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы” – “Магистр” – 11.03.2019-ж. Буйрук ”Билим берүү жана илим министрлиги” №3/19/01 № VU 190000026 №1-тиркеме.
Бул багыттар төмөнкү адистиктерди камтыйт:
- Айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы;
- Нан, макарон жана кондитердик азыктарынын технологиясы;
- Консервалардын жана тамак-аш концентраттарынын технологиясы
- Тамак-аш биотехнологиясы.
Адистиктин бутуруучулору айыл-чарба азыктарын кайра иштетүү ишканаларда: нан, кондитердик, макарон азыктарын; дан иштетүүчү, ун өндүрүүчү; консерва жана тамак-аш концентраттарын, тамак-аш кошулмалары (БAК) ж.б. азыктарды чыгаруучу ири өнөр-жай ишканаларында жана чакан ондуруштордо да иштей ала турган ар тараптуу фундаменталдык жана практикалык даярдыгы бар адистер.
Адистерди даярдоо 2021-жылдын 30-апрелиндеги Билим беруу программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин №3/21/02 буйругунун негизинде коз карандысыз программалык аккредитациядан адистик боюнча откодугун ырастай турган Сертификат№3 21/02 VK 210000178 (№1тиркеме) негизинде жургузулот.
ААКИТ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын илимий-изилдөө иштери
Кафедрада жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн максаты болуп азык заттардын традициялык технологиясын жакшыртуу жана заманбап технологияларды иштеп чыгуу менен ун, нан, макарон, кондитердик азыктардын, консерва жана тамак-аш концентраттарынын азыктык коопсуздугун жогорулатуу кафедранын илимий иш багыты болуп саналат.
Бугунку кундо илимий иштер кафедранын профессору, а/ч.и.д. Н.Т.Танаковдун, т.и.к., доцент Ж.К. Ирматованын, б.и.к. Г.С. Исраилованын жетекчиликтери менен томонку багытта жургузулот:
- Жергиликтүү чийки заттардан функционалдык багыттагы тамак-аш белок концентраттарын жана биологиялык активдүү кошулмаларды өндүрүү технологиясын иштеп чыгуу – илимий жетекчиси, а/ ч.и.д. Танаков Н.Т.
- Кыргызстандын түштүгүнүн калкы үчүн ун азыктарынын инновациялык технологияларын илимий жактан негиздөө жана өнүктүрүү – илимий жетекчиси т.и.к., Ж.К.Ирматова.
Жакынкы жана алыскы чет околордун окуу жайлары менен эл аралык кызматташтык
ААКИТ кафедрасынын окутуучулар-профессордук курамы айыл-чарба азыктарын ондуруунун жана кайра иштетуунун технологиялары боюнча билим берууну жакшыртуу максатында, жергиликтуу жана чет олколордун окуу жайлары менен Эл аралык кызматташтыктын алкагында ЖОЖдор биргелешкен билим беруу жана илимий ишкерлик келишимдери тузулду:
- Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
- К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
- Алмата технологиялык университети (Алмата ш.)
- Казак улуттук агрардык университети (Алмата ш.)
- Кубань мамлекеттик технологиялык университети(Краснодар ш. РФ)
- Ташкент улуттук агрардык университети (Ташкент ш.)
- Таджикистан технологиялык университети, (Душанбе ш.)
Студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу негизинен (GIZ) “Орто Азиядагы кесиптик билим берүү” Программасынын алкагында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Алматы техникалык университети, Таджикистан технологиялык университети, Худжант политехникалык институту менен ишке ашууда.
Студенттердин илимий иштери
Кафедранын студенттери илимий-изилдөө иштерине активдүү катышып, студенттик конференцияларга, семинарларга докладдар менен чыгышат.
Студент Абдуманап уулу Сыймык, ТПиСХП-20, Ош мамлекеттик университетинде “Студент жана илимий техникалык прогресс” IX аймактык студенттик конференцияда “Нандын жаңы сорттору” аталышта баяндама жасап, II даражадагы диплом менен сыйланды (жетекчиси – доцент, т.и.к. Ирматова Ж.К.)
Магистрант Келдибай кызы Айназик “Нан продукцияларынын азыктык баалын жогорулатуу учун азык кошулмаларын пайдалануунун илимий негизи” аталыштагы доклады менен Алматы технологиялык университетинде «Химиялык технологияны жана инженерияны өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары” Эл аралык илимий практикалык конференцияда баяндама жасады (жетекчиси – доцент, т.и.к. Ирматова Ж.К.)
Кафедранын эл аралык жана республикалык илимий долбоорлору.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан каржыланган долбоор:
- Жергиликтүү азык заттан функционалдык багыттагы тамак-аш белок концентраттарын жана биологиялык активдүү кошулмаларды өндүрүү технологиясын иштеп чыгуу, 2021-2024ж (илимий жетекчиси а-ч.и.д, доц. Танаков Н.Т.);
- Кыргызстандын түштүгүнүн калкы үчүн ун азыктарынын инновациялык технологияларын илимий жактан негиздөө жана өнүктүрүү, 2020-ж. (илимий жетекчиси т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.)
Нормативдик документтер:
- Негизги билим берүү программасы (НББП) (магистратура)
- Негизги билим берүү программасы (НББП) (бакалавр)
- Окутуунун максаты жана жыйынтыгы (бакалавр)
- Окутуунун максаты жана жыйынтыгы (магистратура)
- Программанын максаты
- Студенттердин өндүрүштүк практикадан өтүүсү боюнча келишим.
- 2022-2023 окуу жылы үчүн иш планы
- Келишимдер
- Адистик боюнча окуу планы
- Ата-энелер боюнча маалымат
- Абитуриенттер боюнча маалымат
- Иш берүүчүлөр
- Материалдык -техникалык база
- Окуу-усулдук колдонмо
- Илимий-изилдөө иштери
- Тарбиялык иштер боюнча маалымат
- Мобилдүүлүк боюнча маалымат
- Башка ЖОЖдор менен кызматташтык
- Эл аралык жана республикалык долбоорлор