Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы, заманбап тренажёрдук залынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул демилге жаштардын ден соолугун чыңдоо жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында ишке ашырылды.
Иш-чарага колледждин жетекчилиги, окутуучулар катышып, тренажердук залды ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев ачып берди. “Бул зал – мугалимдердин жана студенттердин ден соолугун чыңдоо, спорт менен машыгып, өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Биз билим менен катар дени сак жашоо образын да калыптандырууну максат кылып келебиз. Себеби, татыктуу келечек – билимдүү, акылдуу жана ден соолугу чың муундардын колунда. Силерди ар дайым сергек, максаттуу жана ийгиликтүү болууга чакырам! Жаңы залда машыгуулар жемиштүү өтүп, ал силерге күч, дем жана мотивация тартууласын! Ишке ашырылган бул саамалык бардыгыбыз үчүн пайдалуу болсун! Ийгилик каалайм!” деди окуу жайдын ректору өз сөзүндө.
Жаңы тренажёрдук зал заманбап жабдуулар менен камсыздалып, бардык санитардык талаптарга жооп берет. Колледждин директору Төлөнбай Саадалов өз сөзүндө мындай деди: “Биз билим менен бирге жаштардын физикалык өнүгүүсүнө да өзгөчө көңүл бурабыз. Бул зал – колледжге белек гана эмес, дени сак жашоого жол”
Гуманитардык-технологиялык колледж студенттерге жана окутуучуларга жогорку деңгээлдеги билим менен катар ден соолук үчүн да жакшы шарттарды түзүп берүүдө.