Студент кыздардын арасында жыл сайын салтка айланган “ОшТУ периси – 2025” кароо сынагы бул жылы Кыргызстан театрында өткөрүлдү.
Сынакка окуу жайдагы институттар жана колледже билим алып жатышкан студент кыздар катышты. Иш-чараны университеттин тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Р.Ж.Ыдырысов ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалады.
Конкурстун шартына ылайык сулуулар сахнада өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшүп, интеллектуалдык суроолорго жооп беришти, кечки көйнөктөрдүн топтомун эл алдына алып чыгышты. Ашкана ажарын ачкан айымдардын талантын баалаган сынак бир күн мурун окуу жайда өткөрүлүп, анда ар бир катышуучу өздөрүнүн ашканадагы таланттарын ачып беришкен.
Сулуулар сынагы калыстар тобу тарабынан бааланып жыйынтыгында, 3-орунга нновациялык маалымат технологиялар институтунун студенти Калдарбекова Назик 8 000сом акчалай сыйлыкка, 2-орунга технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун студенти Асанбекова Жаныл 10 000сом акчалай сыйлыкка, 1-орунга Өзгөн технология жана билим берүү институтунун студенти Каримахунова Венера 15 000сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Ал эми баш байгени экономика жана башкаруу институтунун студенти Товокеева Айпери утуп алып, “ОшТУ периси – 2025” сынагынын жеңүүчүсү болду жана 20 000сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ошондой эле, “Инстаграмм периси” сынагынын жеңүүчүсү болуп кайрадан Товокеева Айпери аталды.