Өзбекстандын Ташкент гуманитардык илимдер университетинин ректору, профессор Сабуров Жуманазар Салиевич баштаган делегация Ош технологиялык университетине расмий иш сапары менен келишти
Келген коноктор ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаевдин кабыл алуусунда болушуп, эки тараптуу кызматташуу туурасында маселелер талкууланды. Мында бухгалтердик эсеп , менеджмент, компьютердик инженерия, логистика, эл аралык мамилелер, экономика багыттары боюнча биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ОшТУ менен Ташкент гуманитардык илимдер университети ортосунда эки тараптуу эл аралык кызматташуу меморандумуна кол коюшту жана окуу процесси, илимий иштер, эл аралык долбоорлордо биргеликте кызматташуу туурасында макулдашышты.