Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору, профессор У.Ж.Мамытов жетектеген делегация Өзбекстандын Навои тоо кен иштери жана технологиялык университетине окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде атайын иш сапар менен барышты.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.
ОшТУнун окутуучулары аталган окуу жайдын тиешелүү адистиктерине мобилдүүлүк программасынын алкагында даярдалган конок лекцияларды өтүп беришти.
ОшТУнун делегациясы Навои тоо кен иштери жана технологиялык университетинин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.
Ош технологиялык университети менен Навои тоо кен иштери жана технологиялык университети буга чейин дагы тыгыз байланышта иш алып барып келген.