Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору, профессор У.Ж.Мамытов жетектеген делегация учурда Өзбекстандын Навои тоо кен иштери жана технологиялык университетине окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде атайын иш сапары менен жүрүшөт.
Иш-сапардын жүрүшүндө ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытов, энергетика жана транспорт институтунун директору Н.А.Мурзакулов жана гуманитардык-технологиялык колледжинин техника жана технология бөлүмүнүн башчысы Р.Р.Пакирдинов аталган окуу жайдын студенттерине конок лекция өтүштү.
Лекцияга Навои тоо кен иштери жана технологиялык университетинин окутуучулары жана студенттери активдүү катышты. Студенттер лекторлорго бир топ кызыктырган суроолорду узатышып, талкуу жаратышты.
Жыйынтыгында лекциянын катышуучулары тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.