Ош технологиялык университетинин расмий делегациясы Өзбекстандын Навои тоо кен иштери жана технологиялык университетинин ректору Б.Мардонов менен жолугушту.
Жолугушууда биргелешип билим берүү программаларын түзүү жана жергиликтүү окумуштуулардын тажрыйба алмашуусунда кызматташууну күчөтүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана биргелешкен семинар-конференцияларды уюштуруу боюнча да пикир алышты.
ОшТУнун делегациясы аталган окуу жайдын заманбап лабораториялары жана университетте түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты.