Ош технологиялык универсетинде Фергана мамлекеттик университетинен делегация келди. Делегацияны ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев жана сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор Асанбек Акматалиев, индустриалдык-педагогикалык институтунун директору Урмат Абдалиев, кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын окутуучулары, бөлүм башчылардан турган топ тосуп алды.
Жолугушууда тараптар ортосундагы академиялык мобилдүүлүк, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, ЖОЖдор аралык илимий изилдөө иштерин жүргүзүү сыяктуу бир топ кызматташтыктар туурасында сүйлөшүүлөр жүрдү.
Иш сапардын алкагында аталган окуу жайдын студенттери Ош технологиялык университетинде академиялык программа боюнча окуп, мындан сырткары, ушул эле окуу жайдын илимпоз окутуучулары биздин студенттерибизге лекция окушуп, сабактарын өтмөкчү.