Бүгүн Ош технологиялык университетинде келе жаткан Нооруз майрамына арналып студенттердин кыз-жигит сармерден оюну болуп өттү.
Иш-чара окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, таланттуу студенттердин катышуусунда жалпы көрүүчүлөргө жагымдуу кече тартууланды.
Кечеге университеттин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.
Мында индустриалдык-педагогикалык институтунун кыздар жамааты менен энергетика жана транспорт институтунун жигиттер жамааты бет маңдай отурушуп, жобого ылайык кызыктуу таймаш курушту.
Жаштардын талантын баалоого калыстар тобу чакырылып, жыйынтыгында достук жеңип, тең чыгуу менен аяктады.
Иш-чарага Ош шаардык маданият башкармалыгы колдоо көрсөттү. Активдүү катышуучулар сыйланышты.