Бүгүн Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Сиань архитектуралык-технологиялык университетинин профессору Ли Чжихуа жетектеген делегациясы окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде расмий иш сапар менен келишти.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу жана “Бир алкак — бир жол” эл аралык долбоорунун алкагында “Жашыл имарат” темасы боюнча биргелешкен лаборатория түзүү боюнча маселелер талкууланды.
Кытай Эл Республикасынан келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Делегациянын курамын ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев кабыл алып, аларга Ош технологиялык университетинин аймагына темир конструкциядан курула турган эки кабаттуу окуу-өндүрүштүк лабораториялык имараттын долбоору боюнча маалымат берди.
Мында тараптар көмүртексиз технологиялардын алдыңкы багыттары менен демонстрациялык борборлорду жана жашыл базаны биргелешип курууну макулдашышты.
Сиань архитектуралык-технологиялык университети байыркы Сиань шаарында жайгашкан. Университет жарандык инженерия жана архитектура жаатындагы Кытайдын сегиз атактуу университетинин бири болуп саналат. Ошондой эле, аталган университетте Кытайдагы жашыл курулуш боюнча жападан жалгыз улуттук ачкыч лабораториясы бар.