22-февраль күнү ОшТУда Ош шаарындагы жана Ош облусунун райондорунун мектеп окуучуларынын балдар жана кыздар арасында “Ош технологиялык университетинин ректорунун кубогуна” арналган спорттун тогуз коргоол жана волейбол түрү боюнча Ош облусунун Биринчилиги башталды.
Спорттук мелдештин салтанаттуу ачылышында окуу жайдын ректору Ж.Ж.Турсунбаев мелдешке катышуучу командаларды куттуктап, ийгиликтерди каалады. Аталган мелдешке Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Камалов Айбек Өскөнович катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Спорттук иш-чара Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен биргеликте уюштурулуп, ОшТУнун кесиптик бирлик уюмунун демөөрчүлүгү менен өтүүдө.
Мелдеш 22-23-февраль күндөрү өткөрүлүп, оюнга ОшТУнун дене-тарбия кафедрасынын окутуучулары калыстык кылышат.