Ош шаарында жайгашкан ЖОЖдорунун ректорлору менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жолугушту. Ар бир окуу жай ректору университети тууралуу таанытуучу маалыматтарды берип, шаардын өнүгүүсүнө салым кошуп келген жамааттардын эмгегин белгилешти.
Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев Ошто ири курулуштарды долбоорлоо боюнча адистердин армиясы бар экендигин белгилеп, атайын шаарчанын макетин сунуштады. ОшТУ тамак-аш коопсуздугуна багытталган долбоор жазып, боюнча 33 миллионго бааланган заманбап лабораториянын курулушуна каралган жер тууралуу ректордун сунушуна мэр колдой тургандыгын билдирип, атайын келип жеринен тааныша тургандыгын билдирди.
Ош шаарынын түштүк-чыгышындагы студенттик шаарчасынын инфраструктурасын жакшыртуу, шаар тыгындарын жоюу максатында Ош технологиялык университетинин, ОшМУнун, ОШМПУнун аймагына жолду кенейтүү максатында 8 метрге чейин жолду кеңейтүү жер берүү боюнча макулдашуулар болду. Эгерде пландагандай келишимдер ишке ашса, жол 3 метрге кеңейип, тратуардан сырткары веложол да куруларын билдирди Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев.