Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин, институттар жана структуралык бөлүмдөр ортосунда аялдар жана эркектер арасында кышкы спартакиада өткөрүлдү.
Спартакиада окуу жайдын дене тарбия кафедрасынын жетектөөсүндө өткөрүлүп, волейбол, стритбол, үстөл тенниси, тогуз коргоол, ден соолук жана кичи футбол боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлерден куралган командалар катышты.
Спартакиада жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Мында жеңүүчү командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга университет жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом, акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Жыйынтыгында биринчи орун – гуманитардык-технологиялык колледжи 20000 сом акчалай сыйлык менен, экинчи орун – архитектура жана курулуш институту 15000 сом акчалай сыйлык менен ал эми үчүнчү орун – Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту 10000 сом акчалай жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.
Спорттук таймашка окуу жайдын ректораты жана кесиптик бирлиги демөөрчүлүк көрсөттү.
Иш-чара ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү максатында уюштурулду.