Навои мамлекеттик тоо-кен иштери жана технологиялар университетинин профессордук-окутуучулук курамы окуу жайлар ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык Ош технологиялык университетине квалификациясын жогорулатуу максатында атайын иш сапар менен келишти.
Келген делегация курамын ОшТУнун ректору профессор Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, аларга биздин окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди.
Эл аралык билим берүү мейкиндигинде биргелешип аракет кылуу максатында аталган окуу жайдын окутуучулар курамы биздин окуу жайдын окутуучулары менен биргеликте студенттерге окуу лекцияларын, өндүрүштүк жана окуу практикаларын өткөрүүдө. Бул иш сапардын алкагында окутуучулар тажрыйба алмашып, билимдерин тереңдетип жатышат.