И.Каримов атындагы Ташкент мамлекеттик техникалык университетинин профессордук-окутуучулук курамы окуу жайлар ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык Ош технологиялык университетине атайын иш сапар менен келишти.
ТМТУнун илимий иштер боюнча проректору Донаев Сардор Бурханович баштаган топту ОшТУнун ректору профессор Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Жолугушууда эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүктөрдү ишке ашыруу жана илим-билим жаатындагы байланыштарды өнүктүрүү туурасында маселелер талкууланды.
Иш сапардын алкагында келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.