Бишкек шаарында Кыргыз-Орус Славян университетинде «Санариптик келечек: дизайнерлер менен сүрөтчүлөр үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун, Кыргыз Республикасынын Дизайнерлер союзунун, «Кыргызстан кол өнөрчүлүк кеңеши» ассоциациясынын өкүлдөрү, ошондой эле республиканын чыгармачыл университеттеринин окутуучулары катышты.
Бул иш-чарага Ош технологиялык университетинин жеңил өнөр жай технологиясы кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Бакирова Назгүл Асанкановна катышып, өз докладын жасады.
Конференциянын алкагында катышуучулар глобалдык санариптештирүү шартында улуттук маданий мурастарды сактоо, ошондой эле санариптик платформаларды колдонуу менен эл аралык аренада улуттук искусствону жана дизайнды жайылтуу сыяктуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.