Ош технологиялык университетинде окуу бөлүмүнүн практика жана карьера борборунун иш планынын негизинде технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасы менен биргеликте «Заманбап бүтүрүүчү» аттуу тегерек стол уюштурулду. Аталган иш-чарага иш берүүчүлөр, ата-энелер, университеттин окуу иштери боюнча проректору Мамытов У.Ж. окуу бөлүмүнүн башчысы Абдуллаев У.Д., сапат бөлүмүнүн башчысы Азимова А., практика бөлүмүнүн башчысы Ибраева М., технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун директору Тешебаева З.А. жана жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышышты.
Тегерек столдо төмөнкү маселелерге талкуу жүргүзүлдү:
- Адистерди даярдоодо иш берүүчүлөрдүн активдүүлүгү жана аны күчөтүү жолдору;
- Заманбап адистиктерге иш берүүчүлөрдүн койгон талабы;
- Бүтүрүүчүнү даярдоо сапатын жогорулатууда иш берүүчүнүн орду;
- Бүтүрүүчүнү даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча кафедранын иш-аракети;
- Кафедранын окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатуу боюнча алдыңкы ишканалардын өкүлдөрүнүн сунуштары;
- Кафедранын материалдык-техникалык базасын жогорулаттуу боюнча иш берүүчүлөрдүн сунуштары;
- Компетенттүү бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо ата-эненин орду;
Тегерек столдо Ош шаарынын жана Ош областынын жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери тарабынан бир канча сунуштар айтылды:
- Билим берүү программасына жаңы таалимдерди киргизүү-технолог, конструктор, өндүрүштү башкаруу, мобилиограф, таргетолог, заманбап тигүү жабдууларынын механиги жөнүндө сунуштар айтылды.
- Өндүрүшкө керектүү болгон квалификацияны жогорулатуу боюнча кыска мөөнөттөгү окуу курстарын уюштурууну сунушташты.
Өндүрүштөгү адистер өздөрүндөгү болгон практикалык тажрыйбасын бөлүшүүгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле, иш берүүчүлөргө, ата-энелерге сөз берилип, окуу пландар талкууланды.
Эскерте кетсек, окуу бөлүмүнүн практика жана карьера борбору тарабынан студенттерди практикага, стажировкага жана жумушка орноштуруу жумуштары дайыма аткарылып келет.