Ош технологиялык университетинин студенттери жаңы жылды утурлап майрамдык кече өткөрүштү. Майрамдык салтанатка биздин окуу жайда билим алып жатышкан бардык курстун студенттери катышты.
Университеттин окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов жаштарды жаңы жылы менен куттуктап, окууларына ийгликтерди каалады. Окууда мыкты ийгиликтерди жаратып жана университеттин коомдук иштеринде активдүү катышышкан студенттерге университет жетекчилиги жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан грамоталар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Майрамдык кечеге ОшТУнун кесиптик бирлик комитети колдоо көрсөтүп, акчалай жана баалуу сыйлыктарын берди.
Майрамдык кечени студенттер өзгөчө маанайда белгилешип, оюн-зоок, ыр-бийдин коштоосунда жыйынтыкташты.