22-декабрь – Энергетиктердин күнүнө карата Ош технологиялык университетинде энергетика жана транспорт институту тарабынан майрамдык салтанат өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Ош технологиялык университетинин жетекчилиги, институттун жамааты, институтта билим алып жатышкан студенттер, Ош электр тармактары ишканасынын, Ош жылуулук борбору ишканасынын, Ош свет ишканасынын, Ош жылуулук камсыздоо ишканасынын өкүлдөрү катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын ачылышында ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов сөз сүйлөп, бул кесиптин бүгүнкү күндө эң керектүү, келечектүү, кесип экендигин белгилеп, бул тармакта эмгектенген адистер азыркы мезгилде Кыргызстандын өндүрүш тармагынын эң оор тармагында эмгектенип жаткандыгын айтты. Университет жетекчилиги тарабынан майрамдык кутуктоолор айтылып, окутуучуларга, студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды. Ош шаардык кеңеши, Ош жылуулук борбору ишканасы жана Ош жылуулук камсыздоо ишканасы тарабынан институтта эмгектенип жатышкан профессордук-окутуучулук курамга жана студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды.
Майрамдык салтанат маанайды көтөргөн жагымдуу музыка, концерттик программа менен коштолду. Майрамдык иш-чарага ОшТУнун кесиптик бирлиги колдоо көрсөтүп, баалуу сыйлыктарын тапшырып өттү.
Мамлекетибиздин энергетика тармагын өнүктүрүп, элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда жарым кылымдан ашуун убакыттан бери Ош технологиялык университетинин энергетика жана транспорт институту жогорку квалификациялуу энергетика багытындагы адистерди даярдап келет.