ОшТУга Фергана политехникалык институтунун делегациясы окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде атайын иш сапары менен келишти. Ферганадан келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Делегациянын курамын ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов кабыл алып, аларга биздин окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди.
Жолугушуудан соң, дене тарбия кафедрасынын окутуучулары менен Фергана политехникалык институтунун окутуучуларынын ортосунда стол тенниси жана волейбол боюнча эл аралык достук мелдеши болуп өттү. Бул мелдеш эки мамлекеттин ортосундагы ынтымактыкты чыңдоо, жаштарды дени сак жашоого чакыруу жана коңшу мамлекеттер менен достук мамиледе болуу максатында уюштурулду.
Ош технологиялык университети менен Фергана политехникалык институту буга чейин дагы тыгыз байланышта иш алып барып келген