“Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Бинтуан Синсин кесиптик-техникалык колледжи менен М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде ОшТУнун ректору Турсунбаев Жанболот Жанышович жетектеген делегация иш сапары менен Бинтуан Синсин кесиптик-техникалык колледжине барып келишти. Иш сапардын алкагында Ош технологиялык университетинде Кытай тили жана көндүмдөр борборун ачуу боюнча талкуу болуп, онлайн-офлайн багытында IT, энергетика, логистика адистери боюнча билим алышат жана эл аралык сертификатка ээ болушат.
Ошондой эле, Бинтуан Синсин кесиптик-техникалык колледжинен ОшТУнун энергетика жана транспорт институтуна 2 500 000 сомдук электр жабдуулары алынып келинди.