Ош технологиялык университетинин инновациялык жана маалыматтар технологиялары институтунун директору Арзыбаева Меңди, эл аралык байланыштар бөлүмдүн жетекчиси Нармирзаева Шарапат, энергетика жана транспорт институтунун окутуучусу т.и.к., доцент Андаева Замира Кытай Эл Республикасында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун университеттеринин 7-энергетикалык конференциясына катышып келди. Конференциянын жүрүшүндө Андаева Замира энергетика боюнча баяндама жасап, презентация көрсөттү.
Бул конференцияга 11 университет катышып, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) университетинин стратегиялык изилдөөлөр борбору “Кош көмүртектүү кызматташтыктын алкактык” стратегиясы боюнча кол коюлду.