EPAM Kyrgyzstan компаниясы ОшТУнун эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери менен менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун алкагында EPAM Kyrgyzstan компаниясынын башкы директору Алмаз Чаначев семинар өтүп берди жана билим берүү программалары, EPAM Campus окуу борбору тууралуу айтып берди. Студенттер IT технология жана компания тууралуу суроолорду берип, өздөрүнө керектүү маалыматтарды алды.
Иш-чаранын жүрүшүндө компания жетекчиси бүтүрүүчү студенттерге компаниянын талаптарын түшүндүрүп, жумушка чакырды. Мында англис тилин билген студенттерди кабыл аларын жана конкурс 5 этап менен өтөөрүн айтты.