Ош технологиялык университетинин окумуштуулары Өзбекстан Республикасынын Хорезм облусунда жайгашкан Ургенч технологиялык университетинде өтүп жаткан «Приоритетные направление обеспечения устойчивого экономического роста региона» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга илимий баяндамалары менен катышып жатышат. Ал эми профессор М.Ж. Жанибековдун баяндамасы пленардык жыйында угулду. Эл аралык иш-чара 2 күнгө уланат.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө ОшТУнун белгилүү илимпоздору – Максат Жанибеков жана Белек Жолдошовго Ургенч технологиялык университетинин “Ардактуу профессору ыйгарылды.
Эл аралык конференцияга Кыргызстандан, Өзбекстан, Азербайджан, Түркия, Испания, Италия, Чехия, ж. б. өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлардан илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү ар кайсы илимдин актуалдуу маселелелерин талкуулап жатышат. Конференция илимдеги ар кайсы багыттарды камтыган 5 секцияда иш алып барууда.
Маалымат үчүн, 2023-жылы Ош технологиялык университети менен Ургенч технологиялык университетинин ортосунда илимий чөйрөдө жана билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган.