ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинде билим алып жатышкан студенттер менен шаардагы укук коргоо кызматкерлери жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууга Ош шаарынын прокуратура бөлүмүнүн улук прокурору юстициянын майору Койчуман уулу Талантбек, Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнүн 4-ШМБнун башчысы милициянын капитаны Абдиев Шумкар Кутманович, Ош ШИИБдын Ак-Буура МБнун ЖИИнин улук АТсу милициянын майору Алымкулова Нуржамал Камалдиновна, Ош ШИИБдын Ак-Буура МБнүн ЖИИнин АТсу милициянын ага лейтенанты Алмазбек кызы Бермет жана гуманитардык-технологиялык колледжинин директору Саадалов Төлөнбай Ысманович катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар турмушуна жаңыдан аралашып жаткан студенттерге өзүн-өзү алып жүрүү иштери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан жаштардын ар кандай жаман окуяларга аралашпоо, коомдук жайларда эрежелерге ылайык жүрүү, учурда жүз берип жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын-алып, аларга катышпоого аракет кылуулары керектиги айтылды. Ар кандай провакациялык көрүнүштөргө аралашпай, жакшы жүрүм-турум менен сабакты мыкты окуп, улуулардын тарбиялык акыл-насааттарын угууга чакырышты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин суроо-сунуштары айтылып, көйгөйлүү маселелер талкууланды.