Ош технологиялык университетинде табигый-гуманитардык илимдер борборунун так илимдер кафедрасы тарабынан 26-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк маалыматташтыруу күнүнө карата “Информатика дүйнөсүндөгү саякаттан баарын билгим келет” аталыштагы институттар аралык 1-курсунун студенттеринин ортосунда дебат-викторина уюштурулду.
Дебат-викторина кечеси студенттердин теориялык жана практикалык алган билимдерин жогорулатып, билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана ар бир адис өз тармактарында колдоно билүүсүн үйрөтүү менен өз ара ынтымакчылыкка, достошууга чакыруу максатында уюштурулган.
Викторина кече 3 этап менен өткөрүлүп, команданы тааныштыруу, презентация жасоо жана суроо-жооп менен коштолду.
Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, жеңүүчү командаларга баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар берилди.