ОшТУда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик, инновациялык маалымат технологиялар институту менен биргеликте жеке маалыматтарды коргоо боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Иш-чарада билим берүү системасындагы жеке маалыматтарды коргоо, окутуучу менен студенттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жана санариптик гигиена, киберкоопсуздук, жалпы эле санариптик чөйрө боюнча маалыматтар айтылды.
Аталган семинарга окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.
Иш-чарада Жеке маалыматтарды корго боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмамбет Касымбеков Агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.
Белгилей кетсек, Ош технологиялык университети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен кызматташып келет.