ОшТУнун ректору профессор Ж.Ж.Турсунбаев Кытайдын Тяньцзин шаарында “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында Кыргыз-Кытай инвестициялык Башкы Соода палатасы жана Шицзячжуан кесиптик-техникалык колледжи менен узак мөөнөткө пландаштырылган стратегиялык кызматташуу келишимине кол коюшту.
Келишимге ылайык, Ош технологиялык университети “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолуна Кыргызстан жана Кытай тарабынан каржыланган ишканалар үчүн жергиликтүү жогорку квалификациялуу техникалык багыттагы инженерлерди даярдап берет. Ошондой эле ОшТУнун окутуучулары жана студенттери тажрыйба алмашуу иш сапарларына чакырылып, лекциялар, окутуучуларды даярдоо, стажировка, илимий кызматташуу жана тажрыйба алмашуу сыяктуу иш-чараларга, атайын семинарларга катышып, кесипкөйлүгүн жогорулатышат.
Белгилей кетсек, ОшТУ Кытай Эл Республикасы тарабынан таанылган эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өткөн жана ал өлкөнүн жогорку окуу жайлары жана өндүрүштүк ишканалары менен терең кызматташып келет.