Ош технологиялык университетинин ректору профессор Жанболот Турсунбаев Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарында өткөрүлүп жаткан дүйнөлүк профессионалдык-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү конференциясына катышып, баяндама жасады.
Иш-чара Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлиги, Кытайдагы ЮНЕСКОнун Улуттук комитети жана Тяньцзинь шаардык элдик өкмөтү тарабынан уюштурулуп, ага Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму сыяктуу маанилүү эл аралык уюмдары жана ар кайсы өлкөлөрдүн кесиптик билим берүү жетекчилери, өндүрүштүк бирикмелер, белгилүү ишканалар, илим-изилдөө мекемелери жана кесиптик-техникалык окуу жайлары катышты.
Мында өкүлдөр өнөр жай менен билим берүүнүн интеграциясы, туруктуу өнүгүү, көндүмдөрдү өнүктүрүү, билим берүү, сапатты камсыздоо жана башка темалар талкууга алынып, практикада колдонуу сунуштары берилди.
Конференциянын жүрүшүндө бүткүл дүйнөлүк кесиптик жана техникалык билим берүүнү өнүктүрүү альянсы түзүлүп, дүйнөлүк кесиптик жана техникалык билим берүүнүн атайын көргөзмөсү уюштурулду.
Конференциянын максаты – Кытайдын кесиптик билим берүү тажрыйбасы жана жетишкендиктери, ошондой эле кесиптик билим берүүнүн инновациялык өнүгүү жолдорун биргелешип изилдөө, кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча консенсуска жетишүү, дүйнөлүк кесиптик билим алмашууну жана кызматташууну өнүктүрүү жана жардам көрсөтүү, Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн аракет кылуу болуп саналат.