ОшТУнун жеңил-өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын костюм жана текстиль искусствосу жана жеңил өнөр-жай буюмдарынын технологиясы багытында билим алып жатышкан студенттер Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарындагы Фергана политехникалык институтуна практикага барышты. Студенттер менен биргеликте жеңил өнөр-жайынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу, ОшТУнун практика башчысы М. К. Ибраеванын жетекчилиги менен эки окуу жайдын ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык Фергана шаарында болушту. Алгач ОшТУдан барган топ Фергана политехникалык институтунун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышкан соң институттун өндүрүштүк ишканаларына барып, практикадан өтүштү.
“Алымбек Датка – мамлекеттик ишмер” темасында илимий семинар ОшТУда өттү
Ош технологиялык университетинин Табигый–гуманитардык илимдер борборунун Коомдук илимдер кафедрасы тарабынан “Алымбек Датка – мамлекеттик ишмер” аттуу илимий семинар уюштурулду. Иш-чараны...