Урматтуу Ош технологиялык университетинде билим алып жаткан студенттер!
Сиздерди 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү менен куттуктаймын!
Студенттик доор – жаштыктын эң кызыктуу, жалындуу учуру, өмүрдүн жазы. Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбогон, билимге суусаган курак дал ушул студенттик жылдарга катылган. Жаштар – өлкөбүздүн келечеги. Учурда биздин өлкөнүн жаштары активдүү, илим-билимге умтулган, аракетчил муун катары спорт, маданият, билим алуу чөйрөлөрүндө жеңиштерге жетип, эл аралык аренада Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, өлкөбүздүн кадыр-баркын өстүрүп келе жатышат. Алардын катарын биздин университеттин студенттери да толуктайт. Биздин студенттер окууда жана университеттин коомдук иштеринде активдүү катышып, окуу жайыбыздын намысын коргоодо көптөгөн ийгиликтерди жаратып келишет. Биздин окуу жайды бүтүргөн студенттерибиз келечекте дүйнөлүк аренада ийгиликтерди жараткан инсандардан болушуна толук ишенем.
Урматтуу студенттер! Жалындаган жаштыктын доорунда толуп турган энергияны билим алууга жумшап, өлкөбүздүн келечеги үчүн талыкпай аракет кылуу керектигин унутпаңыздар. Ар бириңиздердин окууларыңыздарга ийгилик каалаймын!
Сиздерди терең урматтоо менен,
ОшТУнун ректору Турсунбаев Жанболот Жанышович