Ош технологиялык университетинде 1-курстарды кабыл алуу жана 17-ноябрь – бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык жыйынга университет жетекчилиги, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты.
ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов студенттерди куттуктап, окууларына ийгилик каалады. Мында 1-курстарга студенттик билет, зачёттук, окуу китепчелери тапшырылды. Иш-чара маданий эстетикалык борбор тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.