Ош технологиялык университетинде коррупцияга байланышкан маселелер боюнча атайын жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин ректору Жанболот Турсунбаев баштаган профессордук-окутуучулук жамаат катышты. Жыйында коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана бөгөт коюу жолдору талкууланды. Мындан сырткары, биздин университетте жыл сайын салтка айланган студенттердин арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Бир жумага созулган сурамжылоонун жыйынтыгы чыгып, ал боюнча протоколдор түзүлүп, комиссия тарабынан кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык биздин өлкөбүздө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзам иштейт. Бул мыйзамга ылайык Ош технологиялык университетинде коррупциянын алдын-алуу, аны болтурбоо жана буга байланыштуу терс көрүнүштөргө жол бербөө сыяктуу иш-чаралар тынымсыз өткөрүлүп турат.