Ош технологиялык университетинин илимий китепканасынын директору Курбанбай кызы Акмангүл Түрмөнстан мамлекетинин Ашгабад шаарындагы “Түрмөнстанда туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү” аттуу эл аралык конференцияга катышуу менен илимий доклад жасап келди.
Бул иш-чарада Түркмөнстан жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө бирдиктүү туристтик тур продукталарын өнүктүрүү жана андагы жогорку окуу жайлардагы окумуштуулар, студенттер жана магистрлер аркылуу ишке ашыруу багыттары талкууланды. Ошондой эле мобилдүүлүк багытын жакшыртуу жана биргеликте иштөө пландары каралды. Китепкана ишмердүүлүгүндө Түркмөнстандын заманбап китепканаларынын электрондук базасы жана ресурстары менен кеңири пикир алышуу болду. Ошону менен катар ОшТУга абитуриенттерди кабыл алуу боюнча да профориентация иш-чарасы да аткарылды.