2024-жылдын 3-апрель күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз улуттук университетинде студенттер жана профессордук-окутуучулар жамааты үчүн лекция окуду. Иш-чарага Ош технологиялык университетинин студенттери онлайн режимде катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы дүйнөлүк экономикалык тенденциялар, өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттары, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.