Анткени, бул олуттуу тандоо, бул чоң чечим болот. Анткени эртеңки жашооңуздун багыты, мамлекет менен коомго карата салымыңыз, келечек тагдырыңыз ошол тандоодон көз каранды.
Урматтуу абитуриент досубуз, Ош технологиялык университети – Сиздин ишенимдүү келечегиңиздин ордосу болуп берүүгө даяр!
Ош технологиялык университети – кайсы гана кесипти тандабаңыз, СИЗ үчүн дүйнөлүк стандартка дал келген жана салмактуу эл аралык компанияларда иштей алууга жөндөмдүү, технология багытындагы жогорку татыктуу билим берүү менен катар, ишенимдүү, изденген досторду, билимдүү жана кесипкөй устаттарды, болочоктогу бараандуу өнөктөштөрдү табууга кеткен даңгыр жол! Башкысы, илим-билимге жана шаттык менен өнүгүүгө бай студенттик жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз!
Ош технологиялык университети – жогорку технологиялык билим берүүчү, Кыргызстандагы түштүгүндөгү уникалдуу жалгыз университет. Биз даярдаган адистердин мамлекетибиздин экономикасынын өсүүсүнө жана эл аралык деңгээлге татыктуу чыгуусу үчүн орду маанилүү экендигин сыймыктануу менен белгилегибиз келет.
Энергетика, транспорт коммуникация, автомобил куруу, архитектура, технология, инженерия, кибернетика, экономика, бажы кызматы, IT, дизайнерконструктор жалпысы болуп ____ багытта адистерди даярдайбыз.
Биздин студенттер Россия Федерециясынын 20 дан ашык шаарларында, Кытай Эл Республикасыда, Түркия, жакынкы Өзбектан, Казакстан мамлекеттериндеги жалпысы 30 дан ашуун технологиялык жогорку окуу жайларында тажрыйба алмашууга жана окуусун улантууга, 2 окуу жайдан диплом алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Студенттерибиздин эл аралык деңгээлде адис болуусу үчүн сабактар бүткөндөн кийин университеттеги кыска мөөнөттүү курстарда – корея, кытай, англис, орус тилдерин акысыз үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
Окуу жайыбызда заманбап техника менен жабдылган окуу корпустары, практикалык курстар үчүн лаборотория, техникалар, спорт, маданият, окуу залдары, мыкты китепкана, бардык шарттары бар жатакана студенттер үчүн кызмат кылат.
Биз таланттуу, активдүү аракеттеги, максаты бар, мамлекетибиздин экономикасына ар тараптан салым кошууну, өлкөбүздүн келечек багытын колуна алууну каалаган жаштарды ОшТУдан күтөбүз!
Урматтоо менен, Ош технологиялык университетинин ректору Ж. Ж. Турсунбаев