2022-жылдын 12-декабрында Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин делегациясы – эл аралык саясат бөлүмү боюнча проректору С.В.Шведова, эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы – И.В.Пономарева, т.и.к., профессор В.В.Голубев, картография факультетинин деканы, т.и.к. Г.И.Загребин жана илим изилдөө лабораториясынын башчысы А.В.Курлов ОшТУга расмий иш сапар менен келишет.
Студенттерге, магистранттарга, жаш окумуштууларга картография, геодезия жана кадастр багыттары боюнча лекциялар, мастер-класстар өткөрүлөт. КМШ мамлекеттериндеги жогорку окуу даярдалып жаткан багыттар, адистиктер, бул багыттар боюнча жаңы, илимий көз караштар, аларды өнүккөн техника жана технологияда максатка ылайык пайдалануу жолдору тууралуу кеңири маалыматтар берилет.
Каалоочулар үчүн эшик ачык, бардыгыңыздарды катышууга чакырабыз!