Өзбекстандын Навои тоо-кен иштери жана технологиялык университетинин белгилүү илимпоз-педагогдору тарабынан ОшТУнун Энергетика факультетинин жана гуманитардык-технологиялык колледждин энергетика багытында билим алып жатышкан студенттери үчүн онлайн лекция окуу башталды. Биздин окуу жай менен Навои университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык эки тараптын илимпоз-педагогдору студенттерге энергетика багытына байланышкан бардык адистик сабактардан онлайн жана офлайн сабактарды өтүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Азырынча лекциялар онлайн түрүндө окутулуп жатат. Ал эми кийинчерээк эки университеттин илимпоз-педагогдору окуу жайларга барып сабактарды өтүшмөкчү.
Ош ТУда “Манас жана Айтматов – улуттун руханий дөөлөтү” аттуу инсценировка жана көркөм окуу кечеси өттү
Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжиндеги Педагогика жана котормо иши предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан “Манас жана Айтматов – улуттун руханий дөөлөтү” аттуу...











