Ош технологиялык университетинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн “Univer+ окуу процессин санариптештирүүнүн негизги инструменти катарында, негизги маселелер” деген темада атайын семинар өткөрүлдү. Мында окуу процессин уюштурууда санариптик технологиянын колдонулушундагы бардык маселелер талкууга алынды. Анткени, буга чейин биздин университетте AVN окутуу системасын колдонулуп келген болсо өткөн жылдан баштап Univer+ окутуу программасын колдонуп баштаган. Бир программадан экинчи программага өткөрүүдө университеттин Маалыматташтыруу жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери ар түзүмдөргө жеткиликтүү маалымат берип кызмат көрсөтүшкөн. Ал эми бири экинчисинен айырмаланган программаларды өздөштүрүүдө пайда болгон кыйынчылыктарды жалпы жамаат менен биргеликте жоюу максатында бул сыяктуу иш чаралар тынымсыз уюштурулуп келет. Семинарга окуу жайдагы сабак берген бардык мугалимдер, окуу бөлүмүмүн жетекчилиги, Маалыматташтыруу жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
ОшТУнун студенттери чет өлкөдө практика өтүүдө
Ош технологиялык университетинин Химия жана химиялык технология кафедрасынын ХТНГс-1-2-22 тайпасынын студенттери Fergana Oil Refinery базасында диплом алдындагы практикадан өтүп жатышат....











