Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда факультеттер аралык футбол оюну өткөрүлдү. Аталган спорттук иш чара ОшТУнун профессордук-окутуучулук жана кызматкерлер ортосундагы XV спартакиадасынын алкагында уюштурулду.
Бул спорттук оюндун өткөрүүнүн негизги максаты адамдар ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө, коллективдин маданий эс алуусун уюштуруу, дени-сак жашоого үндөө болуп саналат. Оюнга жалпысынан сегиз команда катышып, университеттин Дене-тарбия кафедрасынын окутуучулары калыстык кылышты.
Оюндун жыйынтыгында биринчи орунга Административдик-башкаруу кызматкерлеринин командасы, экинчи орунга Архитектура жана курулуш факультетинин командасы, ал эми үчүнчү орунга Өзгөн технология жана билим берүү институтунун командасы ээ болушту. Байгелүү орундарды камсыз кылган командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга дипломдор, грамоталар, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Футбо́л – оюндун куралы болгон топко кол тийгизбей аны каршылаштардын дарбазасына киргизүүдөгү гол эсебинде, атааңдаштардан алдыда турууда жеңишке жетүүчү командалык спорт түрү.