Эки тараптуу келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Урал мамлекеттик экономикалык университетине экономика жана маалымат технологиялары багыттары боюнча 2023-жылдын жазгы семестрине күндүзгү формада жана онлайн режиминде окуп келүү мүмкүнчүлүгү башталды.
Жазгы семестрдин мөөнөтү:
2023-жылдын 9-январынан 30-июнуна чейин, экзамен жумалыгы 12-июндан 30-июнга чейин.
Жазгы семестрге арыздарды кабыл алуу: күндүзгү бөлүмгө 15-декабрга чейин, онлайн окутууга кабыл алуу 30-декабрга чейин жүрөт.
Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 15-декабрына чейин
Эскертүү: Уралда окуп келүү магистратурада жана бакалавр багыттары боюнча ишке ашырылат.
Суроолор боюнча ОшТУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот (ОшТУнун башкы имараты)