Ош технологиялык университетинин Компьютерная лингвистика жана котормо жана котормо таануу кафедрасынын студенттерине “Cambridge English language” окуу борборунун жетекчиси Назаралиев Шайлообек лекция окуду. Бул адистикте билим алып жатышкан студенттерге Cambridge “A2” экзамени боюнча маалымат берүү менен бирге алардын мобилдүүлүк программасынан сырткары, башка программалар аркылуу чет мамлекеттерге чыгуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтты. Аталган окуу борбору тил үйрөтүү менен бирге ар кандай программалар аркылуу окуучуларды жана студенттерди ар жыл сайын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө окууга жиберет.
Биздин окуу жай бир нече жылдан бери академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча студенттерди башка өлкөлөргө окууларын улантууга жөнөтөт. “Cambridge English language” окуу борборунун мындан кийинки иш-аракеттерине ылайык биздин университ менен келишим түзүү аркылуу студенттердин тил үйрөнүүсүндө жана билим алуусунда бирге кызматташат.