Ош технологиялык университети бир топ жылдардан бери академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча дүйнөнүн бир канча мамлекеттери менен кызматташып келет. Ал өлкөлөрдүн арасынан коңшу Өзбекстан мамлекетинин бардык жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Андижан машина куруу институтунун окуу иштери боюнча проректору Эрматов Кобулжон Муминович жетектеген делегация биздин университетке атайын иш сапары менен келишти.
Биздин окуу жай даярдап жаткан “Машина куруу” багытынын жалпы ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында, “Физика жана энергетикалык машина куруу” кафедрасынын алдындагы лабораторияларда болушту, лекциялык жана практикалык сабактарга катышышты. Өздөрүнүн окуу жайындагы багыт даярдоо иштери жөнүндө маалымат беришти. Университет жетекчилиги менен жолугушуп, мындан ары эки окуу жай ортосундагы байланыштуу чыңдоо максатында бир топ долбоорлор сунушталып, эки тараптуу келишимдер түзүлдү.