ОшТУнун кесиптик бирлигинин кыскача тарыхы
Ош технологиялык университетинин Кыргыз ССРинин Түштүк аймагынын жаштары үчүн курулуш, танспорт, электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча инженерлерди даярдоо максатында 1963-жылы Ош шаарында Фрунзедеги политехникалык институттун жалпы техникалык факультети ачылган. 1996-жылы Ош технологиялык университетине айланган.
Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу кечки бөлүмү 1963-
жылы уюшулуп, ошол жылдан баштап, коомдук башталыштагы профсоюз комитети 25 мүчө менен түзүлүп, 175 студент кабыл алынган. Ошол жылдардан баштап мүчөлөрүнүн саны өсүп келүүдө.
Азыркы учурда ОшТУнун кесиптик бирлиги 10 профбюролорду камтып, 773 кызматкер жана 138 студент профсоюз мүчөлөрүнөн турат.
Профсоюз уюмунун жетекчилери болуп алгач Абдивали Изабеков (1964-1983), кийин А.Р.Отомбаев (1965-1990), А.Зулпуев (1991-1996), Т.Ч.Култаев (1997-2000), А.А. Сагындыкова (2001-2010), А.А.Арзыматов (2010-2020), У.Ж.Мамытов (2020-2022), жетектеп келишкен. 2023-жылдын 10-мартында кезексиз IX чакырылышындагы кайра шайлоо конференциясы өткөрүлүп, 4 талапкердин ичинен ОшТУнун кесиптик бирлигинин төрайымы болуп Тиленбаева Багдагул Эргешовна шайланды.
Кесиптик бирликтин максаттары жана милдеттери
– менчигинин түрүнө жана алардын макулдугуна карабастан профсоюз мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын мамлекеттик, чарбалык, коомдук жана башка уюмдарда көрсөтөт жана коргойт;
-мыйзамдардын долбоорлорун даярдоо жана аларды талкуулоо боюнча иштерге катышат;
– КР Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине билим берүү жана илим тармактарындагы экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн мамлекеттик пландарын түзүү жана аткаруу жөнүндө сунуш киргизет;
-жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзөт, алардын аткарылышын көзөмөлдүккө алат;
-аракеттенип жаткан мыйзамдуулукка ылайык эмгек мыйзамдуулугунун сакталышына, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана профсоюз мүчөлөрүнүн ден соолуктары маселелерине текшерүү жана көзөмөл жүргүзөт;
– профсоюз уюмдарынын негиздүү талаптарын колдойт, мамлекеттик жана чарбалык органдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, алар менен өзүнүн мамилелерин толук укуктуу кызматташтык негиздеринде жана социалдык өнөктөштүк принциптеринде алып барат;
-тармактын профсоюз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарына республиканын башка тармактык, КМШ мамлекеттеринин профсоюздары, эл аралык профсоюз жана билим берүү уюмдары менен кызматташат;
-эмгекчилерди социалдык жана экономикалык коргоонун чараларын иштеп чыгууга катышат;
-зарылчылык чыкканда профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык, экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча сотторго доо арыздары менен кайрылат.
Кесиптик бирлик комитетинин негизги милдети –университеттин окуу тарбиялык, маданий-массалык жана илим изилдөө иштеринин сапатын жогорулатууда, кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоодо, студенттердин жашоо шарттары үчүн түзүлгөн камкордукттарды эмгек кодексинин негизинде жүргүзүнү көзөмөлдөп жана жакшыртуу болуп саналат. Эң негизгиси студенттер, окутуучулар жана башка кызматкерлерди социалдык жактан колдоо менен бирге, алардын укугун коргоп келет.
Кесиптик бирлик комитети өз ишин институттардагы, бөлүмдөрдөгү атайын шайланган бюро мүчөлөрү аркылуу жүргүзөт.
Аппараттын курамы:
Тиленбаева Багдагул Эргешовна – Ош технологиялык университетинин кесиптик бирлигинин төрайымы.
Билими: Жогорку, Ош мамлекеттик университети Информатика жана математика мугалими, экономист
Байланыш телефону: 996 772 27 29 92
Электрондук почтасы: bagdagul71_g@mail.ru
Амиралиева Бурана Кулмаматовна -ОшТУнун кесиптик бирлигинин
эмгекти коргоо жана техникалык инспектору.
Билими: Жогорку, 2003-2008- жылдары Кыргыз-Өзбек университети “Инженер эколог” адистигин бүтүргөн.
Байланыш телефону: 996 220031235
Электрондук почтасы amiralievaburana9@gmail.com.
ОшТУнун кесиптик бирлигинин проф.бюро мүчөлөрү:
- Тиленбаева Багдагул Эргешовна – Ош технологиялык университетинин кесиптик бирлигинин төрайымы.
- Сапарова Самара Алимжановна- Индусртиалдык-педагогикалык институтунун кесиптик бирлигинин төрайымы;
- Жолборс кызы Гулиза- Гуманитардык -технологиялык колледждин кесиптик бирлигинин төрайымы;
- Чырмашева Шайыргул Маматсултановна – Административдик башкаруу бөлүмүнүн кесиптик бирлигинин төрайымы;
- Маликова Зирек Турдалиевна – Инновациялык маалымат технологиялар институтунун кесиптик бирлигинин төрайымы;
- Иранова Нуризат Аданбаевна- Архитектура жана курулуш институтунун кесиптик бирлигинин төрагасы.
- Токтосунов Абдугапар Манасович – Административдик чарба бөлүмүнүн кесиптик бирлигинин төрагасы;
- Орозбаев Муратали Төлөнөвич – Энергетика жана транспорт институтунун кесиптик бирлигинин төрагасы;
- Атабаев Султанмахмут Коңурбаевич- Экономика жана башкаруу институтунун кесиптик бирлигинин төрагасы;
- Жакиев Алмазбек Амангелдиевич- Табыгый-гуманитардык илимдер борборунун кесиптик бирлигинин төрагасы
- Оморов Жумабек Абдилмаматович- Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун кесиптик бирлигинин төрагасы
Кезектеги пленум
Спортук жетишкендиктер
ОшТУнун кесиптик бирлиги азыркы учурда бир топ маданий иш чараларды, материалдык жардамдарды, эс алууларды уюштуруга жетишти. Жыл сайын кызматкерлер Ысык-көл областына эс алуу үчүн 2025-жылы 23, 2024-жылы 22, 2025-жылы 20 кызматкер кесиптик бирлигинин фондунан каржыланып эс алууга жөнөтүлдү. Жалал-Абад санаториясы менен келишим түзүлүп, жыл сайын стандарттык номерлерге 50% төлөө менен кызматкерлер жыл ичи ден соолугун чыңдоого жөнөтүлүп жатат. Коңшу өлкөлөргө 1-3күндүк саякаттар уюштурулуп, башка өлкөлөрдүн маданияты, тарыхы менен таанышып келебиз.
ОшТУнун жатаканасындагы 14квартираны жаш окутуучуларга жардам көрсөтүү максатында ар 3 жылдан жашап туруу мүмкүнчүлүгүн түзүп, жобосун иштеп чыгууга кесиптик бирлик жардамын көрсөтүп келет. Ошондой эле ОшТУдагы 2 тараптуу жамааттык келишимге бир нече материалдык жардамдардын суммасы көбөйүп, юбилейлик даталарга акчалай сыйлыктар киргизилди, 70жашка чыккандыгына байланыштуу бир оклад айлык алуу көрсөтүлдү.
Ар жылы жаңы идеялар менен иштөө менен бирге кызматкерлерге үзүрлүү эмгегин сыйлоо максатында, майрамдарда баалуу белектер уюштурулуп келет. 2024-жылы 8-мартта 52 көп балалуу энелер парады өткөрүлүп, 5 баладан жогору балалуу энелер кесиптик бирлик фондунан баалуу белектер менен сыйланышты. 2025-жылы юбилейлик даталарды (50,60,70,75) белгиледик.
Жамааттагы кесиптешибиз оор ооруга чалдыккан Чалова Нургүлгө 1 күндүк эмгек маяна 687000 сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү.
Университетте өткөрүлгөн ар бир иш чарага кесиптик бирлик активдүү катышып, өз фондунан түрдүү жардамдарды көрсөтүп келет. Нооруз майрамын белгилөө, сүмөлөк кайнатуу, 23-феврал, 8-март, мугалимдер күнү, билим күнү, илим күнү, карыялар күнү, кесиптик майрамдар, жаңы жылды тосуу, белектерди даярдоо ж.б.майрамдарга кесиптик бирлик акчалай жардамдарды көрсөтүп келет.
Университеттеги өткөрүлүүчү спорттук иш чараларга, бильярд оюну, салтка айланган спорттук мелдештерге, студенттер арасында өткөрүлүүчү “ОшТУнун мырзасы”, “ОшТУнун периси” конкурстарына кесиптик бирлик демөөрчүлүк кылып келет.
Бюро мүчөлөрү менен семинарлар өткөрүлүп турат. Кызматкерлерден укугун коргоо, эмгекти коргоо жаатында келип түшкөн арыздар өз убагында каралып келет.
Көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн бир нече кызматкерлер КР билим жана илим кызматкерлеринин борбордук комитетинин, Ош облуступ кесиптик бирликтин төш белгилери жана ардак грамоталары менен, ОшТУнун кесиптик бирлигинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.












