ЭКОНОМИКА ЖАНА БАШКАРУУ ИНСТИТУТУ
Экономика жана башкаруу институтунун максаты экономика, бизнес жана башкаруу жаатында комптенттүү адистерди даярдоо, өлкөбүздүн жана региондун экономикасынын өнүгүшүнө реалдуу салым кошо тургандай илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана инновацияларды кийирүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Институт жигердүү турмуштук позицияны, илим-изилдөө көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү, Кыргызстандын жогорку кесиптик билим берүү жана илим системасынын эң мыкты салттарын сактоо жана өркүндөтүү менен экономика жана башкаруу жаатында бакалаврларды, магистрлерди жана PhD докторанттарды даярдоону көздөйт.
ИНСТИТУТТУН ТАРЫХЫ
Ош технологиялык университетинде экономика адистиктерин даярдоо үчүн абитуриенттерди кабыл алууну биринчи жолу 1991-жылы башталган, 1992-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү алгачкы экономикалык факультет түптөлгөн. 34 жылдык тарыхында факультет экономика, каржы, эсеп, бизнес, менеджмент, колдонмо информатика, бизнес-информатика, бизнести башкаруу, логистика, социалдык иш жаатында 20 миңге жакын адистерди даярдап чыгарды. 2024-жылдын 26-августунда экономика жана башкаруу факультети экономика жана башкаруу институту болуп өзгөртүп түзүлгөн.
ИНСТИТУТ БҮГҮН
Инстутиттун 4 кафедрасында 50гө жакын кызматкер, анын ичинде 3 илимдин доктору, профессор, 18 илимдин кандидаты, доцент, 22 экономика жана башкаруу магистрлери эмгектенет. Кыргызстандын жана региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ар кандай аспектилери боюнча илимий изилдөөлөр менен 12 докторант, 15 аспирант, 16 PhD докторант алектенүүдө. Бүгүнкү күндө институтта 1450 студент, 175 магистрант билим алууда. Билим сапатын жогорулатуу жана мыкты адистерди даярдоо максатында иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр, республикадагы жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен ишенимдүү өнөктөштүк байланыштары түзүлгөн жана бекемделүүдө.
ИНСТИТУТ ЖЕТЕКЧИЛИГИ
Институттун директору – экономика илимдеринин кандидаты, доцент Хамзаева Айнура Мураталиевна
моб. тел.: +996227021175; е-mail: ainura.hamzaeva@gmail.com
ORCID: https://orcid.org/0000-0001-7575-615
SCOPUS ID: 57211179672
E-library: SPIN-код: 5734-4780, Author ID: 895800.
Директордун окуу иштери боюнча орун басары – Мазирбаев Калыбай Кадыркулович
моб. тел.: +996779595116; e-mail: kalybai89@mail.ru
ORCID: https://orcid.org/0009-0009-5265-4704
E-library: SPIN-код: 7831-3322, Author ID: 1034548.
Директордун илимий иштер боюнча орун басары, окумуштуу кеңештин катчысы –Орозалиева Айкөкүл Айбековна,
моб. тел.: +996779165153; e-mail: aikokul81@hotmail.ru
ORCID: https://orcid.org/0000-0003-3059-0112
E-library: SPIN-код: 1333-1088, Author ID: 1151222.
Методист – Муктар кызы Айлира
моб. тел.: +996779255848; e-mail: ailiramuhtarkyzy1@g.mail.com
Методист – Давлятова Алтынай Сулаймановна
моб. тел.: +996777705406; altyna.davlyatova@gmail.com
Институттун окумуштуулар кеңешинин курамы институттун профессордук-окутуучулук курамынан шайланган 18 мүчөдөн жана институттун студенттик сенатынын төрагасынан турат. ЭжБИнин окумуштуулар кеңешинин төрайымы – Хамзаева Айнура Мураталиевна, катчысы – Орозалиева Айкөкүл Айбековна.
Институттун усулдук комиссиясынын төрагасы – экономика илимдеринин кандидаты, доцент Умаров Сайбидин Тойчуевич.
Профсоюз уюмунун төрагасы – Атабаев Султанмахмут Конурбаевич.
БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ (БАКАЛАВРИАТ):
- 580100 Экономика, Бухгалтердик эсеп жана аудит, Статистика, Финансы жана кредит, Ишканалардын экономикасы жана башкаруу профилдери (күндүзгү жана сырттан окуу формалары);
- 580200 Менеджмент, Өндүрүштүк менеджмент профили (күндүзгү окуу формасы);
- 580500 Бизнес–информатика, Электрондук бизнес, Финансы-банк секторундагы маалыматтык коопсуздук, Экономикадагы электрондук башкаруу профилдери (күндүзгү жана сырттан окуу формалары);
- 580600 Логистика, Ишкердик логистика, Финансы-банк логистикасы профилдери (күндүзгү жана сырттан окуу формалары);
- 710500 Интернет-технологиялар жана башкаруу, Эсептеги, анализдеги жана аудиттеги интернет-технологиялар профили (күндүзгү окуу формасы);
- 710300 Колдонмо информатика, Экономикадагы колдонмо информатика, Банк ишиндеги маалыматтык система профилдери (күндүзгү жана сырттан окуу формалары).
БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ (МАГИСТРАТУРА):
- 580100 Экономика, Бухгалтердик эсеп жана аудит, Финансы жана кредит профилдери (күндүзгү жана сырттан окуу формалары);
- 580200 Менеджмент, Өндүрүштүк менеджмент профили (күндүзгү окуу формасы).
PhD ДОКТОРАНТУРА
- 580100 Экономика жана башкаруу (күндүзгү окуу формасы).
АСПИРАНТУРА
- 00.05 – Тармактык экономика адистиги (күндүзгү жана сырттан окуу формалары).
ИНСТИТУТТУН КАФЕДРАЛАРЫ
Бизнес-информатика жана маалыматтык экономика кафедрасы 580500 Бизнес информатика жана 710300 Экономикадагы колдонмо информатика багыты боюнча бакалаврларды даярдайт. Кафедра башчысы – экономика илимдеринин доктору, профессор Ташбаев Азизбек Мазанович.
Экономика жана финансы кафедрасы 580100 Экономика багытынын Финансы жана кредит, Ишканалардын экономикасы жана башкаруу профилдери боюнча бакалаврларды жана магистрлерди, 580600 Логистика 710500 багытынын Финансы-банк ишмердүүлүгүнүн логистикасы профили боюнча бакалаврларды даярдайт. Кафедра башчысы – экономика илимдеринин кандидаты, доцент Зикираев Март Тологонович.
Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы 580100 Экономика багытынын Бухгалтердик эсеп жана аудит, Статистика профилдери боюнча бакалаврларды жана магистрлерди, 710500 Интернет-технологиялар жана башкаруу багытынын Эсептеги, анализдеги жана аудиттеги интернет технологиялар профили боюнча бакалаврларды даярдайт. Кафедра башчысы – экономика илимдеринин кандидаты, доцент Мамашов Канжарбек Асилбекович.
Менеджмент, логистика жана туризм кафедрасы 580600 Логистика, 580200 Менеджмент багыты боюнча бакалаврларды даярдайт. Кафедра башчысынын милдетин аткаруучу – экономика илимдеринин кандидаты, доцент Усанова Жамила Умаровна.
ИНСТИТУТТУН ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАРЫ
Институт бүгүнкү күндө республикабыздагы жана чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар жана илим-изилдөө мекемелери менен алака түзүп, илим-изилдөө, окуу-усулдук жана тажрыйба алмашуу жааттарда активдүү кызматташууда. Өнөктөштөр тууралуу кененирээк маалымат төмөнкү шилтемеде берилди: https://oshtu.kg/mezhdunarodnyj-otdel/#1652419270761-63035e51-70a9
