“Сызма геометрия жана графикалык дизайн” кафедрасы.
Сызма геометрия жана графикалык дизайн кафедрасынын тарыхы Ош ТУнун түптөлүү тарыхы менен түздөн-түз байланышта. Анткени «Сызма геометрия», «Инженердик графика», жана «Машина куруу чиймеси», “Курулуш чиймеси” предметтери 1963-жылдан баштап Фрунзедеги политехникалык институтунун (ФПИ) Оштогу кечки факультети уюшулган күндөн баштап эле студенттерге окутула баштаган.
1991-жылы алгач кафедра cектор болуп “Машиналардын механикасы жана инженердик графика” кафедрасынын курамында негизделген. Ал учурда “Инженердик графика” секторун Жусупов Алибай Алдырахманович жетектеген.
1993-жылдан кафедра «Инженердик графика» деп өзүнчү бөлүнүп чыгып, 1994-жылга чейин кафедраны ф.-м.и.к., доцент Опалендр Борис Владимирович жетектеген. Ал учурда жогоруда аталган таалимдер боюнча Сатмаматов Айти Сатмаматович, Эшимбеков Токон Эшимбекович, Эркулова Рая Торубаевна, педагогика илимдеринин кандидаты Касымбаев Бакытбек, Бакиров Ысманалы агайлар үзүрлүү эмгектенишип, кафедранын түптөлүшүнө өз салымдарын кошушкан
1994-жылдан кафедра кайра «Эмгекке окутуу жана инженердик графика» кафедрасы болуп биригип, “Графика” секторуна кайрадан Жусупов А.А. дайындалган.
ОшТУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде 1988-жылдын 22-январындагы №09-01/07 ректордун буйругу менен Энергетика жана Унаа факультетинин курамында Сызма геометрия жана черчение кафедрасы уюшулуп, кафедраны техника имдеринин кандидаты доцент Осмонов Орозмамат Мамасалиевич жетектеген.
2005-жылдан баштап 2014-жылдын сентябрь айына чейин кафедраны доцент Жусупов Алибай Алдырахманович жетектеди.
2014-жылдан баштап кафедраны педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Токтосунов Алмазбек Аскерович жетектеп келүүдө. ОшТУнун ректорунун 2015-жылынын 8-октябрындагы №09-04/249 буйругунун негизинде Сызма геометрия жана графикалык дизайн кафедрасы болуп аты өзгөртүлүп, Автоунаа факультетинин курамына кайра бекитилди.
Учурда кафедрада 3 доцент, 2 СССР, КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, 1илимдин кандидаты, 1 окутуучу, 1 инженер программалоочу, 1 лаборант эмгектенип жатат. Кафедранын тарыхында биринчи жолу 2015-жылы 570400-Дизайн багытындагы адистик ачылып. “Графикалык дизайн” профилине алгачкы студенттер кабыл алынды. Учурда кафедра бүтүрүүчү кафедра статусуна ээ болуп, аталган адистик боюнча күндүзгү жана сырткы бөлүмдөрүндө 126 студент билим алууда.
Кафедранын материалдык-техникалык базасында заманбап, акыркы муундагы компьютерлер менен камсыз болгон 1(бир) компьютердик кабинет, 3 атайын адистик таалимдерге ылайыкташтырылып түзүлгөн кабинет, 1 сүрөт жана графикалык дизайнерлер үчүн өнөркана менен жабдылган. Ошондой эле, окуу кааналары техникалык көрсөтмө жабдуулар менен, көрсөтмө куралдар менен толук камсыздалган.
Даярдоо багыты :
Багыты:570400 – ДИЗАЙН
Академиялык даражасы: БАКАЛАВР
Профили: Графикалык дизайн
Кафедранын ишмердүүлүгү
Сызма геометрия жана графикалык дизайн кафедрасы 570400-Дизайн, Графикалык дизайн профилиндеги адистигин даярдоо багытында окутуучулук жана профессордук курам куралып, окуу программалардын негизинде ишкердүүлүк жүргүзүшүүдө.
Аталган адистик техника менен искусствонун синтезинен түзүлгөн XXI – кылымдын заман талабына ылайык адистик болгондугуна байланыштуу кафедра мүчөлөрү илимий жана усулдук эмгектерин “Болочок дизайнерлердин кесиптик чеберчилигин калыптандыруу жана өркүндөтүү багытына”, “Студенттердин графикалык иштерди аткаруу чеберчилигин өркүндөтүү” деген темалардын алкагында эмгектенишүүдө.
Кафедранын окуу-материалдык базасында жогоруда аталган адистиктеги студенттерди заман талабына ылайыктап даярдоо үчүн акыркы муундагы 20 компьютер менен камсыз болгон. Лекциялык жана практикалык аудиториялар мультимедиялык прожекторлор, аудио-видео техникалары, бекер интернет ресурстары, Wi-Fi технологиялары менен жабдылган. Компьютерлерде заманбап автоматтык системадагы программалар жүктөлгөн.
Адистиктерди даярдоо үчүн окуу программаларына ылайык төмөнкү аудиториялык фонд түзүлгөн:
- академиялык Сүрөт жана композиция таалими үчүн атайын жабдылган каана;
- дизайн долбоорлоо устаканасы;
- компьютердик каана;
- кичи типография;
- өндүрүштүк устакана ж.б.
Кафедранын курамы студенттер менен дизайнердик долбоорлор жана илимий-изилдөөлөр боюнча үзгүлтүксүз иш алып барышып, чыгармачылык көргөзмөлөр уюштурулууда. Кафедранын окутуучулары Республикалык, областтык, шаардык чыгармачыл көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Алардын эмгектери Республикалык, шаардык, областтык музейлерде жана жеке коллекцияларда сакталуу.
2018-2019-окуу жылы кафедранын курамы 570400 дизайн, графикалык дизайн багыты, жогорку кесиптик билим берүүнүн программасы боюнча, Көз Карандысыз Аккредитациядан комиссиянын жыйынтыгы менен 5 жылдык мөөнөткө ийгиликтүү өттү.
2018-жылы кафедранын доценти Момункулов Авас – III Көчмөндөр оюндарынын “Көчмөндөр жаңырыгы” этно фестивалынын “көркөм сүрөт өнөрү” (живопись) КР Өкмөтүнүн I даражадагы диплому, акчалай сыйлык (премьер министрдин колу менен) менен сыйланды.
2018-жылы кафедранын доценти Төлөнов Ырысбай – III Көчмөндөр оюндарынын “Көчмөндөр жаңырыгы” этно фестивалынын “Көркөм сүрөт өнөрү” (Графика), КР Өкмөтүнүн II даражадагы диплому, акчалай сыйлык (премьер министрдин колу менен) менен сыйланды.
2018-жылы кафедранын доценти Жусупов Алибай – “Агартуу академиясы коомдук фонду” Сертификат, 150 $ акчалай сыйлык менен сыйланды.
Кафедранын илимий багыттары:
- ЖОЖдо студенттердин графикалык иштерди аткаруу чеберчилигин өркүндөтүү.
- Кун нурунун түшүү проекциясын изилдөө.
- Эконом мобилдердин конструкцияларынын дизайнын изилдөө.
Кафедранын курамы:
Токтосунов Алмазбек Аскерович
Ээлеген кызматы: кафедра башчысы
Илимий даражасы: педагогика илимдеринин кандидаты
Илимий наамы: доцент
Окуткан сабактары: Сызма. геом. жана перспективалык сүрөттөлүш. Кесипке киришүү. Унаа каражаттарынын дизайнынын негизи. Инженердик жана компьютердик графика. Долбоорлого киришүү.
Илимий жана окуу-усулдук эмгектери: жарыяланган илимий макалалары-20; басып чыгарылган окуу усулдук курал-7;
Кесиптик жактан өнүктүрүү жана кайра даярдоо жөнүндөгү маалыматтар:
-РФ, Екатеринбург шаары, ГППУ научная стажировка и повышение квалификации
-РК, Алматы шаары, КазНГАгрУ научная стажировка и повышение квалификации
-КР, Бишкек шаары, Академии образования, научная стажировка и повышение квалификации
Электрондук почта: toktosunov-68@mail.ru
Тел. ном: +996777 60 53 23
Жусупов Алибай Алдырахманович
Ээлеген кызматы: кафедранын доценти
Илимий наамы: ОшТУнун доценти
Окуткан сабактары: Сызма. геом. жана инженердик графика. Инженердик графика. Сызма. Геометрия. Конструкциялардын ишенимдүүлүгүнүн теориясынын негизи.
Илимий жана окуу-усулдук эмгектери: Начертательная геометрия (медот. указания к выполнению графической задании для студентов заочников) Типография ОшТУ 2004-ж, Начертательная геометрия и инженерная графика Типография ОшТУ 1998-ж, Сызма геометриянын негиздери (өз алдынча иштөөгө) Облусттук басмакана 2007-ж, Интегрально системные значения при подготовке будущих инженеров-педагогов в ВУЗе Вестник” ОшГУ 4-ой международной конференции. Ош-2004г.
Кесиптик жактан өнүктүрүү жана кайра даярдоо жөнүндөгү маалыматтар: Билим берүү, маалыматтык технологиялар
Электрондук почта: ali.2901@mail.ru
Тел.ном: 0773 39 40 69
Машаева Акдана Мустафакуловна
Кесиби ээлеген кызматы: кафедранын доценти
Илимий наамы: доцент
Окуткан сабактары: Сызма. геом. жана инженердик графика. Долбоорлого киришүү, Инженердик и компьютердик графика. Искусствонун тарыхы жана теориясы. Студиянын дизайны.
Электрондук почта: akdanam@mail.ru
Тел.ном: 0557 27 01 63
Алайчиев Аскарбай
Кесиби, ээлеген кызматы: кафедранын доценти
Илимий даражасы: сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү КРнын, СССР
Илимий наамы: доцент
Окуткан сабактары: Сүрөт. Композиция. Эксперименталдык дизайн студиясы
Илимий жана окуу-усулдук эмгектери: «Ажар», «Подушка», «Камни», «В ночь лунного затмения», «Колыбель» и.т.д . Работа автора хранится в государственном музейе.
Көргөзмөлөргө катышуу: 1979г. Молодежная вставка в городе Фрунзе «Сын садовника», 1984г. Республиканская выставка « 50лет Киргизии» «Портрет матери», 1987 г Всесоюзная выставка в городе Москве « Солнечный день», 1990 г. Региональная выставка г. Алма-Ата плакат « Смерть в природе» и.т д
Электрондук почта: aalaichiev@mail.ru
Тел.ном: 0553 44 40 72
Момункулов Авас Орозкулович
Ээлеген кызматы: кафедранын доценти
Илимий даражасы: Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү СССР, КР
Илимий наамы:Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги.
Окуткан сабактары: Сүрөт. Түс жана контекст теориясы. Дизайн студиясы
Илимий жана окуу-усулдук эмгектери: «Жылкычынын боз үйүндө», «Бакан», «Тандар», «Жомок», «Жымжырттык», «Топоз минген бала», «Постсиндром» ж.б.
Көргөзмөлөргө катышуу: 1970г- Персональная студенческая выставка во ФХУ.С 1976г участник областных, республиканских, международных выставок. Произведения находятся в коллекциях Ошской обл. музея ИЗО, музея ООСХ, КНМИИ им. Г. Айтиева, Дирекции выставок СССР, а также в частных собраниях Австрии, Германии, Голландии, Израиля, Индии, Канады, ОАЭ, России, США, Турции, Франции, стран СНГ
Электрондук почта: amomunkulov@mail.ru
Тел.ном: 0558 85 36 28
Токтобаева Гулбарчын Турсунбаевна
Ээлеген кызматы: кафедранын ага окутуучусу
Илимий наамы: ага окутуучу
Окуткан сабактары: дизайн ой жүгүртүү, графикалык дизайн искусствосунун тарыхы, жарнамалык түшүнүктөр
Кесиптик жактан өнүктүрүү жана кайра даярдоо жөнүндөгү маалыматтар-Билим берүү, маалыматтык технологиялар
Электрондук почта: barcyntt@gmail.com
Тел.ном: 0772 47 67 24
Эргешбай кызы Нурзат
Кесиби: Архитектор – дизайнер
Ээлеген кызматы: кафедра окутуучусу
Окуткан сабактары: Фотографика, Эксперименталдык дизайн студия, Долбоорлоодогу компьютердик технология , Web- дизайн
Электрондук почта: ergeshbaikyzynurzat@gmail.com
Тел.ном: 0778 48 51 48
Кадырбек кызы Гулмайрам
Кесиби: инженер-программист
Ээлеген кызматы: окутуучу
Окуткан сабактары: Эксперименталдык дизайн студия , Web- дизайн, Студия дизайны.
Кесиптик жактан өнүктүрүү жана кайра даярдоо жөнүндөгү маалыматтар:-магистр
Электрондук почта: g.gaparovna@gmail.com
Тел.ном: 0778 61 12 12
Жаладинов Каныбек Мубаракович
Кесиби: Графикалык дизайн
Ээлеген кызматы: инженер-программист
Электрондук почта: Kanybekzhalaldinov@gmail.com
Тел.ном: 0220 097 097
Шарабидин кызы Акжуурат
Кесиби: Графикалык дизайн
Ээлеген кызматы: лаборант
Электрондук почта: Zharabidin.a93gmail.com
Тел.ном: 0770265965