1994-жылы август айында Ош Жогорку технологиялык колледжинин ректорунун № 09-01/62А буйругунун негизинде “Химия жана технология” кафедрасы уюштурулган. Аны х.и.к., доцент М.И. Исмаилов жетектеген.
Кафедранын базасында төмөндөгү өз алдынча кафедралар түзүлгөн:
- 1996-жылы “Экология жана жашоо-тиричилик коопсуздугу” кафедрасы түзүлүп, аны доцент К.Ж. Жумабаев башкарган;
- 1997-жылы “Тамак-аш азыктарынын технологиясы” кафедрасы түзүлүп, аны М.И. Исмаилов башкарган;
- 1997-жылы “Химия жана химиялык технология” кафедрасы түзүлүп, аны х.и.к., доцент Сагындыков Жумабай Сагындыкович башкарган.
1994-жылдан бери кафедрада 6 кандидаттык диссертация корголду. Азыркы учурда кафедранын базасында 3 аспирант окуп жатат. Кафедра түзүлгөн күндөн баштап кызматкерлер тарабынан 200 дөн ашуун илимий макалалар, окуу куралдары, усулдук колдонмолор жарык көрдү.
2002-жылы кафедранын тарыхында биринчи жолу “Органикалык эмес заттардын химиялык технологиясы” адистиги боюнча “Инженер-химик-технолог” квалификациясы ыйгарылган бүтүрүүчүлөр даярдалып чыгарылган. 4 бүтүрүүчү артыкчылык дипломун алып, аспирантурага кабыл алынган. Калган бүтүрүүчүлөр адистиги боюнча республиканын өндүрүштүк ишканаларында жана илимий-изилдөө лабораторияларында иштеп жатышат.
2016-жылдан 2023-жылдын 6-октябрына чейин х.и.к., доцент Б.С. Мурзакулова башкарып, ийгиликтүү эмгектенип келди. 2023-жыдын 6-октябрында х.и.к., доцент Жорокулов Дуйшеналы Абдимаматович кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кафедранын мугалимдери жана студенттери жакынкы чет мамлекеттердин (Казакстан, Өзбекстан) жогорку окуу жайлары менен тажрыйба алмашууларды уюштуруп, студенттердин сапаттуу билим алуусуна шарттар түзүлүүдө. Бүтүрүүчүлөрдү өз кесиби боюнча жумушка орноштуруу максатында Кыргызстандын түштүгүндөгү мамлекеттик жана менчик ири өндүрүштүк ишканалар менен келишимдер түзүлгөн.
Азыркы учурда кафедрада 2 х.и.к., доцент, 1 ОшТУнун доценти, 2 ага окутуучу, 2 окутуучу жана 2 окуу-жардамчы кызматкерлер эмгектенип келишүүдө.
720100.“Химиялык технология” багытындагы “Органикалык эмес заттардын химиялык технологиясы” жана “Табигый энергия алып жүрүүчүлөрдүн (нефти жана газ) жана көмүртектик материалдардын химиялык технологиясы” профилдери боюнча бакалаврларды даярдап келүүдө:
- академиялык деңгээли:бакалавр
- окуутунун формасы:күндүзгү жана сырттан
- окуу мөөнөтү: 4 жана 5 жыл
- окутуу усулу: бюджеттикжана контракттык
- кабыл алынуучу документтер:жалпы республикалык тестирлөөнүн жана кошумча физика же химия таалимдеринин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт
Химик-инженер-технолог адистиги азыркы турмушта, өзгөчө адамдын өндүрүштүк чыгармачылыгында эң маанилүү ролго ээ. Химиялык технология менен байланышпаган өндүрүш тармактары жокко эсе. Техникалык прогресстин негизги шарттарынын бири химиялык технологиянын өнүгүшү болот.
Азыркы коомдун өтө актуалдуу жана перспективдүү проблемаларын чечүүдө химиялык-технология чоң ролду аткарат.
Бул багытты аяктаган адистер төмөнкү тармактарда иштей алат:
- химиялык өнөр жайларда;
- цемент заводдорунда;
- кирпич заводдорунда;
- сурьма, сымап комбинаттарында;
- алтын комбинаттарында;
- суу тазалоочу станцияларда (горводоканал);
- жылуулук электр борборлорунда (ТЭЦ);
- санитардык-эпидемиялык станциянын лабораторияларында (СЭС);
- жибек жана кездеме чыгаруучу ишканаларда (текстиль);
- металл көзөгүч (сверло) заводдорунда;
- электр лампаларын өндүрүү заводдорунда;
- машина куруу заводдорунда;
- газ берүүчү жайларда (Горгаз);
- күйүүчү жана майлоочу майлар мекемелеринде (ТЗК, ГСМ);
- дары-дармек чыгаруучу заводдордо;
- жалпы орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде.
Кафедранын курамы:
Жорокулов Дуйшеналы Абдимаматович: «ХжХТ» кафедрасынын башчысынын м.а., х.и.к., доцент
Тел: (0772) 183218, (0551) 183218
E-mail: duishenzorokulov@gmail.com
Мурзакулова Батма Сыдыковна : «ХжХТ» кафедрасынын доценти, х.и.к.
Тел: (0555) 33 35 07
E-mail: batma507@gmail.com
Абдукаримов Абдигапар Абдукадирович: «ХжХТ» кафедрасынын доценти.
Тел: (0779) 38 47 62, (0559) 32 22 56
E-mail: abdi_56@mail.ru
Усарова Сулайка Омуровна: «ХжХТ» кафедрасынын доценти.
Тел: (0550) 09 72 85
E-mail:
Айтиева Тамара Араповна: «ХжХТ» кафедрасынын доценти.
Тел: (0773) 85 03 04, (0553) 64 32 22
E-mail: tamara_1965@inbox.ru
Салабаева Зиннатхан Абдулхамитовна: «ХжХТ» кафедрасынын ага окутуучусу
Тел: (0555) 14 56 42
Жунусов Ажыбай Бердибаевич: «ХжХТ» кафедрасынын окутуучусу
Тел: (0778) 14 35 13, (0557) 01 29 00
E-mail: Mr.Azhybay@mail.ru
Сарыбаева Максуда Мамасалиевна кафедрасынын окутуучусу
Тел: 0770 91 11 00
E-mail: sarybaeva.m.@gmail.com
Ахматов Эркин Алиевич лаборатория башчысы
Тел: 0554 15 90 92
Е-mail.ru erkin.akhmatov.@gmail.ru
Талип кызы Айпери лаборант
Тел: 0773 92 58 85
Е-mail: peri.@mail.ru