Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин демилгеси менен уюштурулуп, коопсуз эмгек миграциясын камсыз кылуу, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу тартиптери тууралуу кеңири маалымат берүүгө багытталды.
Жолугушуунун жүрүшүндө адистер эмгек миграциясынын актуалдуу маселелери, чет өлкөдө мыйзамдуу иштөө мүмкүнчүлүктөрү, эмгек келишимдеринин өзгөчөлүктөрү жана жарандардын укуктарын коргоо тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти. Ошондой эле катышуучуларга маалыматтык-консультациялык колдоо көрсөтүлүп, кызыктырган суроолоруна жооптор берилди.
Иш-чарага университеттин студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери активдүү катышып, коопсуз миграция багытында маанилүү маалыматтарды алышты.
Мындай жолугушуулар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана чет өлкөдө эмгектенүүдө туура багыт алууга өбөлгө түзөт.