Ош технологиялык университетинде Эл аралык мамилелер, укук жана билим берүү институтунун Аялдар кеңешинин төрайымы Орозали кызы Гүлкайырдын демилгеси менен студент кыздардын ден соолугун чыңдоо, психологиялык туруктуулугун жогорулатуу жана коомдогу ордун бекемдөө максатында “Заманбап кыздын гармониясы: ден соолук, психология жана жашоодогу чечимдер” аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чараны Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Рамис Ыдырысов ачып, бүгүнкү күндө билимдүү, дени сак жана психологиялык жактан туруктуу кыздарды тарбиялоо коомдун келечеги үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
Иш-чарага чакырылган коноктор актуалдуу темалар боюнча баяндама жасашты:
• Врач-гинеколог Керез Тойчубекова аялдардын ден соолугу, алдын алуу жана туура жашоо образы тууралуу маалымат берди.
• Психолог-коуч Адина Шүкүрбек кызы «Аялдын ички дүйнөсү жана өзүнө болгон ишеним» темасында маек куруп, ички гармонияны табуунун жолдорун бөлүштү.
• Милициянын майору Назгүл Умаралиева жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана укуктук сабаттуулук боюнча кеңештерин берди.
ОшТУнун Аялдар кеңешинин төрайымы Назгүл Эркинбаева студент кыздарды коомдук иштерге активдүү катышууга жана кесипкөй адис болуп калыптанууга чакырды.
Иш-чаранын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, мындай жолугушуулар алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө чоң салым кошорун белгилешти.